Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдөгү спорт фестивалда милициянын лейтенанты эки медаль утту

Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы Ысык-Көл облусунда болуп өткөн «Кыргызстан бермети» эл аралык спорт фестивалында ийгилик жараткан Жолдошбек уулу Алтынбекти куттукташты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-июндан тартып 3-июлга чейин Ысык-Көл облусунда болуп өткөн «Кыргызстан бермети» аттуу эл аралык спорт фестивалынын жүрүшүндө Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын лейтенанты Жолдошбек уулу Алтынбек спорттун кармашып урушуу түрү боюнча биринчи орунду камсыздап, кикбокс боюнча да экинчи орунга жетишкен.

Эл аралык мелдеште Кыргызстандын намысын коргоп, ийгиликке жетишкен Алтынбекти Токмок ШИИБдин начальниги А.Айбашев куттуктады. Жолдошбек уулу Алтынбек кичинекей кезинен бери спорт менен машыгып буга чейин да бир нече жолу жаштар арасындагы мелдештерде баш байгеге жетишкен. Айта турган болсок, 2019-жылы өлкөдө өткөн кикбокстун К-1 түрү боюнча жаштар арасындагы мелдеште да биринчиликти багындырган.

Exit mobile version