Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдөгү тоо чокусуна «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» аты берилет

Ысык-Көлдөгү тоо чокуларынын бирине «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деп атоо сунушталууда. Министрлер кабинети иштеп чыккан тиешелүү мыйзам долбоору Жогорек Кеңешке келип түштү.

Аталган чоку Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагында, Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан (географиялык координаттары: B=42°13’56» L=79°47’37»). Анын бийиктиги 5576 метрди түзөт.

Бул мыйзам долбоору президенттин жарлыгынын негизинде жана Кыргызстан менен БУУнун өз ара алакасын арттыруу үчүн иштелип чыккан.

Документте айтылгандай, Кыргызстан БУУга 1992-жылы 2-мартта кирген. БУУ эл аралык абройлуу уюм болуп саналат. Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.

Exit mobile version