Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдөн 6000 метр браконьердик балык торун алып чыгышты

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери жана коомчулуктун активистери менен бирдикте,  браконьердик балык торлорун тазалоо боюнча эки күндүк рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тазалоо иштери 29-30-июнь күндөрү Түп районунун Өрүктү жана Ой-Тал айылдарынын көл жээгинде жүргүзүлдү.  Иш-чаранын  жүрүшүндө милиция кызматкерлер жана коомдун активисттери көлдүн үстүнөн 6000 метр узундуктагы браконьердик балык торун алып  чыгышты.

Алынган торлор  Балыкчы шаарынын жеке ишканасына кайра иштетүүгө өткөрүлүп  берилди.

Мындай иш-чаралар облустун башка райондорунда дагы өткөрүлөт.

Exit mobile version