Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдөн бир жумада 2 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн бир жума ичинде 2200кг таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бир жума ичинде жалпы көл бетинин 3800 гектар аянты тазаланып, суучулдар тарабынан 2200 кг таштанды жана 1500 метр балык уулоочу тор чыгарылды.

Суу алдындагы таштандылар атайын баштыкчаларга толтурулуп, кайыктар аркылуу жээкке чыгарылат. Алардын эсеби күндө алынып, муниципалдык кызматтарга өткөрүлүп берилүүдө

Азыркы тапта тазалоо иши жуманын иш күндөрү жүргүзүлүп, аба-ырайынын өзгөрүүсүнө карабай, ар кандай шартка ыңгайлашкан катерде суучулдар иштеп жатат.

Масштабдуу түрдө көлдү тазалоо иш-чарасы суу алдындагы таштандылардан жана балык уулоочу торлордон толук тазаланганга чейин улантылып, бүтүндөй көлдүн акваториясынын булганган тилкелерин камтуу пландалган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version