Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдөн жолугушканча! Димаш Кудайберген «Мейкин Азия» фестивалында ырдайт

Казакстандын дүйнөлүк деңгээлдеги ырчысы Димаш Кудайберген 20-22-июль күндөрү Ысык-Көлдө өтө турган «Мейкин Азия» эл аралык музыка фестивалына катышат.

Ал социалдык тармакка видео жүктөп, кыргыз элине салам айтып, жолугушууга чакырды:

«Ысык-Көлдөн жолугушканча!» – деп белгиледи Димаш.

Фестивалга Азия жана Европанын 25тен ашуун өлкөсүнөн келген өнөрпоздор катышат. Ошондой эле Казакстан, Түркия жана Россиядан да меймандардын келиши күтүлүүдө.

Exit mobile version