Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдү булгагандарга Садыр Жапаров кайрылды

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көлдү тазалап жаткан кызматкерлеринин  видеосун жүктөп, ага карата таштанды таштагандарга кайрылуу жолдоду.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Мынчалык кайдыгер болбогулачы.

Эки айдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тазалап бүтө албай жатышат.

Таза болуу өзүбүздөн го акыры.

Неге мынча кайдыгербиз?

Өзүбүз булгайбыз дагы анан бийликтен тазалыкты балакеттей талап кылабыз.

Тазалыкты сактоону суранам.

«Тазалаган жер таза эмес, тазалыкты сактаган жер таза».

Ар бир жаран тазалыкты сактоого жана башка жарандардан дагы тазалыкты сактоону талап кылууга милдеттүүсүздөр.

Ушул кызматкерлердин эмгегин сыйлагылачы” деп жазды өлкө башчысы.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version