Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдүн Фрунзе айылында 126,5 млн сомго мектеп салынат

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Фрунзе айылында 225 орундуу мектепти курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Мектепти салууга 126 млн 544,6 миң сом каралган.

Тендер боюнча арыздар 5-апрелге чейин кабыл алынат.

Exit mobile version