Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдүн пляждарындагы таштанды үчүн айып салынышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында депутаттар Ысык-Көлдүн экологиясына байланыштуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.
Жогорку Кеңеш кабарлагандай, анда “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга жана Жоруктар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилет.

Мыйзам долбооруна ылайык, жээктеги объекттердин ээлери жана ижарачылары пансионаттардан баштап кафелерге чейин атайын техниканын жардамы менен пляждарды  тазалаш керек. Бул жеке адамдарга да, юридикалык жактарга да тиешелүү.

Тазаланбаса, биринчи эскертүү берилет. Бир жыл ичинде кайталанса, жеке жактарга 5000 сом, ал эми юридикалык жактарга 10000 сом айып салынат.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору биринчи окууда гана кабыл алынды.

Exit mobile version