Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдүн тургуну “Йакын инкар” уюмунан баш тартты — видео

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну “Йакын инкар” диний-экстремисттик кыймылынын (ДЭК) экстремисттик идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан “Йакын-Инкар” ДЭКнын мүчөлөрүнүн ишмердигине бөгөт коюу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө, анын менен катар Балыкчы шаарындагы экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрү менен алдын алуу жана профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында “Йакын-Инкар” ДЭКнын активдүү мүчөлөрүнүн бири 1977-жылы туулган А.А.С. өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды бул экстремисттик кыймылдын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version