Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдүн тургуну жердештерин жарым миллион сомго алдап кеткен

Каракол шаарынын 30 жаштагы тургуну алдамчылыкка шектелип кармалды. Ал мал сатам деген шылтоо менен жарандардын ишенимине кирип, жарым миллион сомдон ашык акчага алдап кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

«21-ноябрь күнү жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылып, сентябрь айында Нурадил аттуу адам Сырт жайлоосунда топоздорун сатып жаткандыгын билдирип, ага 15 баш топозду сатмай болгон. Ар бирин 18 000 сомдон баалап, жалпысынан 270 000 сом ага санап берген. Топоздорду Сырт өрөөнүнөн таекемен алып кетесинер деп видео аркылуу таекесине кайрылып, ушул кишилерге топоздорду бересинер деп табыштаган. Акчаны санап берип коюп, Сырт өрөөнүнө барган учурда, ал жактагы малчылар Нурадил аттуу адамды тааныбаганын айтышкан. Нурадил ага чейин андан дагы 57 000 сом алган.

Мындан тышкары, 22-ноябрь күнү Каракол шаарынын 1974-жылы туулган тургуну дагы милицияга кайрылган. Арызында ал өзүн Алтынбек деп тааныштырган жаран анын ишеничине кирип, сентябрь айында 15 баш топоз Сырт өрөөнүнөн алып келип берем деп, 280 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып, убадасын аткарбай койгонун билдирген», — деп айтылат маалыматта.

Алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү табылып, камакка алынды. Ал мурда алдамчылык менен соттолгон 30 жаштагы Каракол шаарынын тургуну болуп чыкты.

Сурак учурунда ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Каракол шаардык сотунун чечими менен эки айлык мөөнөткө Каракол шаарынын СИЗОсуна киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version