Site icon Reporter.kg

Видео: Ысык-Көлдө жапайы кендирди даярдап жаткандар кармалды

Ысык-Көл облусунда жапайы кендирди даярдап жаткан жеринен үч жаран кармалды, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл ОИИБдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын кызматкерлери кызмат өтөп жаткан учурунда, Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын четине жакын жердеги талаадан шектүү адамдарды байкашкан. Милиция кызматкерлери жакындаганда, алар талаадан качып кетүүгө аракет көрүшкөн. Бирок, көпкө узабай эле, алар милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Кармалган үч жаран тең Каракол шаарынын тургундары, мурда соттолгон 33 жаштагы Ж.А., 35 жаштагы Ю.В. жана мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган 33 жаштагы А.Р. болуп чыгышты. Алардан жапайы кендирдин өзгөчө жыты бар өсүмдүк заты табылып алынган.

Кармалгандар Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алардын айтымында, жапайы кендирди даярдоо үчүн атайын айылдын четине келишкен.

Бул факт райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, алардан алынган өсүмдүк заты баңги затынын кайсы түрүнө таандык экенин аныктоо үчүн изилдөөгө жөнөтүлдү.

Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version