Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдүн жээгиндеги кумду тазалоону милдеттендирген мыйзам сунушталууда

Ысык-Көлдүн жээгиндеги кумду атайын техника менен тазалоону милдеттендирген мыйзам долбоор сунушталды. Долбоор бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде каралып, 1-окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорун депутаттар Замирбек Мамасадыков, Султанбай Айжигитов, Динара Ашимова, Винера Раимбачаева демилгелеген.

Ага ылайык, көлдүн жээгинде курулган жеке менчик объектилердин ээлери же ижарачылар пляж зоналарын атайын техника менен тазалоого милдеттендирилет.

Талкууда депутаттар Жаныбек Кыдыкбаев жана Балбак Түлөбаев президенттин жарлыгы менен пляждар жалпы пайдаланууга берилгенин эске алганда жеке менчик пансионаттарга мындай милдетти жүктөө мүмкүн эместигин жана ага керектелүүчү техниканын жетишсиз экендигин айтышты.

Ал эми депутат Акбөкөн Таштанбеков көл жээгиндеги пляждар жергиликтүү бийликтин карамагында экенин айтып, аларды мыйзамдуу негизде чектерин аныктоо жана бөлүштүрүү керектигин билдирди.

Exit mobile version