Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлгө 2,1 млн чабак кое берилди

Ысык-Көлгө форель-гегаркуни жана сига-лудога балыктарынын чабактары кое берилди. Бул тууралу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Көлдүн бир нече жерине форель-гегаркуни балыгынын 300 миң чабагы жана сига-лудога балыгынын 1,8 млн чабагы кое берилди.

Чабактар Балык өнөр жай комплекси департаментинин «Тоң балык өстүрүүчү заводунда» өстүрүлгөн.

Exit mobile version