Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлгө чет элдик жаран чөгүп кетти

Бүгүн, 2-сентябрда Каракол шаарынын аймагында көлгө чет элдик жаран чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 112 кызматына саат 12:45те билдирүү түшүп, куткаруучулар чөгүп кеткен адамдын сөөгүн 13:20да алып чыгышкан.

Болжол менен 25-30 жаштагы Е.А. аттуу жигиттин сөөгүн алып чыгуу үчүн жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы бөлүктөн 4 куткаруучу тартылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version