Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кыз жети күндөн бери изделүүдө — видео

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кыз изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кызды издөө 7 күндөн бери жүргүзүлүүдө. Жерине ӨКМдин 30 кызматкери анын ичинен 13 суучул тартылган. Издөө иштери 24-июль күнү улантылат.

Эске салсак, 18-июль күнү Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 4 жаштагы Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткен.

Exit mobile version