Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды ӨКМдин кызматкерлери үч тараптан издөөгө киришти

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үч тараптан издөөгө киришти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-июль күнү Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда көлгө чөгүп кеткен 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кызды издөө ишинин бүгүн 11-күнү.

Тилекке каршы издөө ишинен натыйжа боло элек.

«Бүгүн эртең менен са­ат 08:00 тарта нарист­ени издөө иши баштал­ып, анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 3 топко бөлүнүштү.

Биринчи ​ топто Балыкчы шаарынын өзгөчө кырдаалдар бө­лүмүнөн​ 4 куткаруучу тартылып, Тоң району­нун Шор-Булак айылын­ан Балыкчы шаарыны чейинки аралыкта издөө иштерин жүргүзүүдө. Экинчи топко Тоң рай­ондук өзгөчө кырдаал­дар бөлүмүнөн​ 4 куткаруучу тартылып, райондун Шор-Булак айылынан Бөкөнбаев айылына чейинки ара­лыкты, Үчүн­чү багытта Ысык-Көл райондук ӨКБнөн 2 ку­ткаруучу тартылып, Чолпон-Ата шаарынан ​ Тору-Айгыр айылына чейинки аралыкта издөө иштерин жүргү­зүп жаткан учур. Жалпы 10 куткаруучу, ​ 2 АСМ авто анаасы жана 3 моторлуу кайык менен издөө иштери уланууд­а», — деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, окуя 18-июль күнү Ысык-Көл районунуна караштуу Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда орун алып, анда көлдө түшүп жүргөн желим баллондо отурган 4 жаштагы наристени ата-энесинин көз алдында эле көлдүн толкуну алып кеткен. Белгилей кетсек көлдүн бул жээгиндеги тилкесине эл түшпөйт.

Exit mobile version