Социалдык тармактарда унаа менен Ысык-Көлгө кирген жарандын видеосу тарады.
Маалыматтарга караганда, видео Чырпыкты айылында тартылган.
Ысык-Көл облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочу изделип жатканын маалымдады.
Ага ылайык, “видеодогу унаа менен айдоочусу изделүүдө, тийиштүү чара көрүлөт»,— деп айтылат билдирүүдө.