Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлгө жаңы жетекчи дайындалды

Далиев Уланбек Эшенович президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Уланбек Далиев буга чейин президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Буга чейин Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулганы маалымдалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version