Дем алыш күндүн соңунда Ысык-Көлдөн Бишкекке келиш үчүн жолго эртерээк чыгыңыз. Анткени узун кезектеги жол тыгыны пайда болуу ыктымалдыгы бар, деп Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга кайрылды.
Ошол себептүү, кызматкерлер Бишкек—Чолпон-Ата унаа жолундагы жол тыгындарын талдап чыгып, бир канча эрежелерди эске алууну сунуштайт.
Алар:
— жолго эрет чыгуу, болбосо жол тыгынына туруп калышыңыз мүмкүн;
— Чырпыкты жана Балыкчы унаа жолдорунда жолдорду оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан жана ошол жолдор бир багыттуу.
— Ысык-Көлгө барчу бир гана жол болгондуктан ылдамдыкты ашырбай, каршы тилкеге чыкпай, башкалардын жол кыймылына тоскоолдук жаратпоо;
— Балыкчы шаарына кире бериштеги айланма жолдо башаламан соода-сатыктар орун алгандыктан, так ошол жерге соода кылуу максатында унааңызды токтотуп, башкаларга да тоскоолдук жана жол тыгындарын жаратпаңыз.
«Кызматкерлер дем алыш күндөрү айрыкча Бишкек—Ысык-Көл унаа жолдоруна күчөтүлгөн тартипте кошумча постторду орнотуу менен жол тыгындарын жөнгө салышат. Ошондой эле каттуу ылдамдыкта айдагандарга, мас абалында унаа башкаргандарга жана каршы тилкеге чыккандарга каттуу чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз