Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети болуп өзгөрдү. Бул тууралуу Bilim.akipress жазып чыкты.
Анда айтылгандай, тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 23-июлда кол койгон.
Өкмөттүн токтому окуу жайдагы кадрларды даярдоону жакшыртуу максатында кабыл алынган. Мындан сырткары окуу жай юриспруденция, экономика, башкаруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүү максатын көздөйт.