Юридикалык жактар Бирдиктүү салык декларациясын 10 күндүн ичинде тапшырып бүтүшү керек

Юридикалык жактар Бирдиктүү салык декларациясын 10 күндүн ичинде тапшырып бүтүшү керек

Юридикалык жактар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга 10 күн калды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Ошондой эле, 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер тапшыруусу керек. Анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 1240 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>