Site icon Reporter.kg

Юстиция министри Аяз Баетов «Манас» ордени менен сыйланды

Юстиция министри Аяз Баетов III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 19-октябрда “Кумтөр” ири алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров геологияны, кен казуу өнөр жайын жана маданий потенциалды өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, Кумтөр алтын кенин Кыргызстандын менчигине кайтаруу боюнча ишке түздөн-түз катышкандыгы үчүн, ошондой эле “Кумтөр Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун 30 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Президент 10-20 жылда Кыргызстан таанылгыс болуп өзгөрөрүн айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version