Site icon Reporter.kg

Юстиция министри үч кызматты бирдей аркалай турган болду

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жарлыккка ылайык, юстиция министри Аяз Баетов Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору болуп дайындалды. Документте каралган тапшырмаларды аткаруу үчүн Баетовго мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара кызматташуусун координациялоо жана камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктар жүктөлүп, 1-октябрга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары макамы берилди.

Аяз Баетов аталган кызматтарды өз ара айкалыштырып иштейт.

 

Exit mobile version