Site icon Reporter.kg

Zagreb Open: Айпери Медет кызынын атаандашы белгилүү болду

Хорватиянын борборунда өтүп жаткан Zagreb Open рейтингдик мелдешинде кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызынын (76 кг) биринчи атаандашы белгилүү болду.

Аталган мелдеш 1-февралда башталган, 5-февралда жыйынтыкталат.

Медет кызы кармашты 1/8 финалдан баштайт. Анын бул мелдештеги алгачкы атаандашы индиялык Киран Киран болот.

Ал таймашка 4-февралда чыгат. Алгачкы кармаштар саат 15:00до башталат. Мелдешти uww.org сайтынан түз эфирде көрүүгө болот.

Эскерте кетсек, бул мелдешке балбан кыз Айсулуу Тыныбекова да катышууда.

Zagreb Open мелдеши: Айсулуу Тыныбекова ким менен күрөшөт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version