Site icon Reporter.kg

Zagreb Open мелдеши: Айпери Медет кызы Кыргызстанга экинчи алтынды алып берди

Балбан кыз Айпери Медет кызы Zagreb Open рейтингдик мелдешинде 76 кг салмакта жеңүүчү болуп, бул турнирден Кыргызстандын куржунуна экинчи алтын байгени алып берди.

Айпери Медет кызы таймашты 1/16 финалдан баштаган. Алгачкы эки беттешинде ал россиялык Рита Талисманова менен канадалык Жюстина Ди Стасионун далысын килемге басып, таза жеңишке жеткен. Чейрек финалда америкалык Аделина Грейди 10:0 эсебинде уткан. Финалга чыгуу үчүн франциялык Полин Лекарпантье менен күч сынашып, атаандашын 5:0 эсебинде жеңип алды.

Алтын үчүн кармашта ал кытайлык Хуан Ван кез келип, аны 2:1 эсебинде утту.

Айпери Медет кызынын жеңиши Кыргызстандын куржунуна Zagreb Open рейтингдик мелдешиндеги экинчи алтын байгени алып келди. 12-январда 62 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова да алтын медаль уткан.

Хорватияда өтүп жаткан бул мелдеш 10-январда башталган, 14-январь жыйынтыкталат.

Сүйүнчү! Тыныбекова Хорватиядагы мелдештин алтын байгесин утту (видео)

Exit mobile version