«Замандаш» саясий партиясы менен «Республика» партиясы биригип жатышат. Алар күздө боло турчу парламенттик шайлоого бирге аттануу үчүн учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.
Учурда эки партиянын лидерлери кандай программа жана ураан менен чыга турганын талкуулап жатканы айтылды. Алардын биригүүсү тууралуу расмий маалымат 2 же 3 күндөн кийин таратылат.
Буга чейин «Ата Мекен» партиясынын алдына бир нече саясатчылар жана партиялар биригишкен. Шайлоого чейин дагы биригүүлөр болушу мүмкүн.
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрына белгиленген.