Site icon Reporter.kg

Зардалыда 1,59 млрд сомго кичи ГЭС салынып, айылга жарык берилет

Баткендин Зардалы айылында кичи ГЭС салынып, айыл электр энергия менен камсыз болот.

Кичи ГЭСтин кубаттуулугу 29 МВт’ты түзөт. Ал Зардалы суусунун жайылмасында курулат.

Жашыл энергетика фонду өткөргөн сынактын жыйынтыгы менен «Ак-Буура Групп» компаниясы жеңүүчү деп табылып, ГЭСти сала турган болгон. Учурда даярдык иштери башталып, компания гидроэлектрстанцияны курууга 1 млрд 590,6 млн сом жумшоону пландап жатат.

Exit mobile version