Site icon Reporter.kg

Зарылбек Рысалиев: Текебаевдин үрөөнөк иттери үрбөгүлө

Бүгүн, 21-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө.

Анда шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү жана депутаттардын санын кыскартуу маселесинин тегерегинде кызуу талкуу жүрүп, депутат Алтынбек Сулайманов бул талаш тууралуу Өмүрбек Текебаевдин пикирин сурады.

Текебаев сөз алып, парламенттик системаны жоюунун кереги жоктугун, президенттик башкарууну кошаматчылар көтөрүп жатат деген пикирин айтып, эгер ал өзгөрүүлөр кирсе Түрмөнстандагыдай диктатура орноорун билдирди.

Буга депутат Зарылбек Рысалиев каршы болуп, «Өмүрбек Чиркешович, сиз саясатчыларды билем дедиңиз, өзүңүздү бир карап көрдүңүз беле. Биз Түркмөн болбойбуз биз корко турган убактан өткөнбүз. Садыр Нуркожоевич сиз да коркпоңуз, бизге азыр жакшы падыша керек болуп турат», — деди Рысалиев.

Ага депутат Жанар Акаев жооп кылып «Атаңызды алмаштырдыңызбы», деп Рысалиевдин Сооронбай Жээнбековду Манаска салыштырганын эстетти.
Буга Зарылбек Рысалиев «Текебаевдин үрөөнөк иттери үрбөгүлө» — деп кыска гана жооп узатты.

Exit mobile version