Жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-августта саат 01:00 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсү менен белгисиз айдоочу түндүктү көздөй бара жатып, Шампанвинкомбинатынын жанына жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган.
Жол кырсыгынан 35-40 жаштардагы аял киши окуя болгон жерден көз жумган.
Ыкчам – издөө иш чарасынын жүрүшүндө 23 жаштагы Э.А. аттуу Toyota Estima үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалган.
Учурда тергөө иштери башталып, автоунаа айып аянтчасына токтулган.
[su_image_carousel source=»media: 38364″ crop=»none» autoplay=»4″]