Боом капчыгайында атайлап таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Ал учурда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери 28-октябрдан 1-ноябрь аралыгында саат 9дан 15:00го чейин жүргүзүлөт. Жолдо 30-40 унаа чогулуп калган маалда иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.