Жөө күлүк Дарья Маслова 2020-жылда өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Жөө күлүк Дарья Маслова 2020-жылда өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыргызстандык жеңил атлетчи боюнча улутук курама команданын мүчөсү Дарья Маслова 2020-жылда өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу  Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы маалымдады.

Маслова 2019-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештердин календарлык планына ылайык, жеңил атлетика боюнча Испания шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафонго катышты.  

«Маслова 2 саат 28 мүнөт 19 секунд убакытта марага жеткен. Марафонго олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секундду түзөт. Спортчунун убактысы Токиодогу олимпиадалык оюндарына лицензиянын нормативин аткарууга мүмкүнчүлүк түздү», — деп жазылат маалыматта.

Дарья Маслова Спорттун олимпиалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды. Дирекциянын бюджетинен 105 миң сом каралган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>