Жөө күлүктөр Ташкент марафонунда 2 алтын, 1 күмүш, 1 коло мөөрөй утту

Жөө күлүктөр Ташкент марафонунда 2 алтын, 1 күмүш, 1 коло мөөрөй утту

Кыргызстандык жөө күлүктөр Мария Коробицкая менен Дарья Маслова Ташкент марафонунда алтын мөөрөй утушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эл аралык марафон 28-мартта Өзбекстандын борбору Ташкентте өттү.

Мария Коробицкая 42,195 чакырымдык аралыкка чуркоодо биринчи келип, алтын медаль тагынган. Ал эми Дарья Маслова 21,1 чакырымдык жарым марафондо баарынан озуп, алтын байге уткан. Дагы бир кыргызстандык жөө күлүк Гульшаной Сатарова коло медаль жеңген.

Эркектер арасындагы марафондук жарышта Илья Тяпкин экинчи орунду ээлеген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>