Site icon Reporter.kg

Жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-августта саат 01:00 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсү менен белгисиз айдоочу түндүктү көздөй бара жатып, Шампанвинкомбинатынын жанына жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган.

Жол кырсыгынан 35-40 жаштардагы аял киши окуя болгон жерден көз жумган.

Ыкчам – издөө иш чарасынын жүрүшүндө 23 жаштагы  Э.А.  аттуу Toyota Estima үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалган.

Учурда тергөө иштери башталып, автоунаа айып аянтчасына токтулган. 

[su_image_carousel source=»media: 38364″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version