Site icon Reporter.kg

Жаңы айдоочулук күбөлүк берүү бөлүмүнүн дареги өзгөрдү

Жаңы айдоочулук күбөлүк берүү бөлүмү Ауэзов көчөсү, 1/5 дарегиндеги “Два прораба” дүкөнүнүн имаратынын ичине көчүрүлдү. Бул бөлүм бүгүн, 24-декабрдан тарта өз ишин жаңы даректе улантат.

«Унаа мамлекеттик кызматына кайрылуулардын ири агымы көп болгондуктан, келген адамдардын топтолуусун кыскартуу максатында айдоочулук күбөлүктөрдү берүү бөлүмүн Ауэзов көчөсү, 1/5 дарегинде жайгашкан Калкты тейлөө борборунун 1-кабатына убактылуу көчүрүү чечими кабыл алынган», — деп жазылат маалыматта.

Ал эми тиешелүү документтерди кабыл алуу жана тариздетүү «Унаа» бөлүмүндө: Лебединовка айылы, Жеңиш проспекти, 121 «Б» дареги боюнча жүргүзүлөт.

Сурап билүү номуру (312) 62-41-40

Exit mobile version