Site icon Reporter.kg

Жаңы жылда аба ырайы кандай болот? ӨКМ маалымат таратты

28-31-декабрларда жана 1-3-январда Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат:

28-декабрда  түнкүсүн  жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

29-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 29-декабрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

29-декабрда күндүз жана 30-декабрда Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын  тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, тоолуу райондорундагы жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-декабрларда көпчүлүк аймактарда  мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн.

1-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

2-3-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорулайт.

Exit mobile version