Site icon Reporter.kg

Жаңы-жылдан кийин канча күн эс алабыз? Өкмөттүн жообу

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “2020-жылы дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө” токтомго кол койду.

Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, чечим 2020-жылдагы дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды.

Токтомго ылайык, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин кызматкерлери үчүн 23-февраль дем алыш күнгө туш келгендиктен 24-февраль эс алуу күн болмок, бирок ал күн, 2-январдагы иш күнүнө которулат.

8-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, 9-март эс алуу күн болмок, бирок ал күн 3-январдагы иш күнгө которулат.

21-март дем алыш күнгө туш келгендиктен 23-марттагы дем алыш күн болмок, бирок ал күн  6-январдагы иш күнгө которулат.

9-май дем алыш күнгө туш келгендиктен 11-май дем алыш күн саналмак, бирок ал күн 4-майдагы иш күнүнө которулат.

Ошентип, Жаңы жылды белгилөөгө байланыштуу республиканын жарандары 1-январдан 7-январга чейин, ошондой эле 1нен 5-майга чейин май майрамдары учурунда эс алышат.

Exit mobile version