Жаңы өкмөт курамы парламентте ант берди

Жаңы өкмөт курамы парламентте ант берди

Премьер-министр Кубатбек Боронов башында турган жаңы өкмөт курамы Жогорку Кеӊеште ант берип, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Ал өкмөт мүчөлөрүн берген антына бекем туруп, өлкөдөгү абалды жакшыртып, экономиканы калыбына келтирүү үчүн талыкпай аракет жасоого чакырды.

Жаңы өкмөттүн курамындагы биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбеков, өкмөттүн аппарат башчылыгына Таалайбек Темиралиев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Алтынбек Исмаилов келген. Калгандары ордунда калган. Бүгүн эреже  боюнча обочолонуу шартында иштеп жаткан үч министрден башка бардык өкмөт мүчөлөрү ант беришти. Өкмөттүн карамагында он эки министрлик, сегиз агенттик, эки мамлекеттик комитет, он бир кызмат бар.

Белгилей кетсек, мурдагы премьер-министр Мухамбеткалый Абылгазиев 16-июнда өз арызынын негизинде отставкага кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>