Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо үчүн Конституциялык кеңешме түзүлдү

Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо үчүн Конституциялык кеңешме түзүлдү

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу преизденттин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы баш мыйзамдын долбоорун талкулоо үчүн түзүлгөн кеңешменин курамына 85 адам кирген. Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев кеңешменин төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Керезбеков орун басары болуп дайындалды.

Кеңешменин курамына укук таанучулар, илимий чөйрө менен жарандык коомдун өкүлдөрү, парламент депутаттары, эксперттер кирген. 

Буга байланыштуу президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, кеңешме Конституциянын долбоорун талкуулап, бирдиктүү пикирге келүү үчүн түзүлгөнүн айтты.

Конституциялык кеңешме түзүлгөн ушул эле күнү (20-ноябрь) дароо биринчи жыйыны уюштурулуп, талкуулоо иштери башталды. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>