17-ноябрда парламенттин расмий сайтына Жогорку Кеңештин 80 депутаты тарабынан демилгеленген Конституциянын жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Конституциянын жаңы редакциясынын 23-беренеси коомчулуктун көңүлүн бурду. Бул жалпыга маалымдоо каражаттарын ооздуктоо жөнүндө.
Анда төмөнкүлөр айтылат:
- Кыргыз Республикасында жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга, Кыргызстан элинин каада-салттарына, ошондой эле эл аралык стандарттарга карама-каршы келген басылмаларга, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүдөгү басылмаларга, оюн-зоокторго жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат.
- Мазмуну Кыргызстан элинин маданиятына жана элдин ыйманына зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга мыйзамга ылайык тыюу салынат же чектелет.
Кыргызстандыктар «Кыргызстан элдеринин жалпы таанылган адеп-ахлактык баалуулуктары жана каада-салты» деген эмнени билдирет деп өзүнөн сурайт. Жаңы Конституцияда бул сөздөрдүн деталдары келтирилген эмес.