Жаңы конушта тургундун жарым миллион сомун тоногон адам кармалды – видео

Жаңы конушта тургундун жарым миллион сомун тоногон адам кармалды – видео

Бишкекте каракчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар 8-октябрда Бишкек шаарынын «Жер Ынтымагы» конушунда турак жайдын бирине киришип, үй ээсин сабап тоноп кетишкен. 

Алар үйдөн 5,5 миң доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды көтөрүп кетишкен. 

Бул окуя боюнча ыкчам иликтөө иштери башталып, бул кылмышка шектелген, 32 жаштагы С.Р. аттуу адамдын изине түшүшкөн.

Кийин атайын багыттагы бөлүмдүк кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ошондой эле иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн мурда да бир нече ушул сыяктуу кылмыштарга айыпталып жазага тартылганы белгилүү болгон. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>