Жаңы окуу жылы башталгандан бери 1-класстын окуучуларынын арасында вирус жуктурган учур катталган жок

Жаңы окуу жылы башталгандан бери 1-класстын окуучуларынын арасында вирус жуктурган учур катталган жок

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 2-октябрдагы маалымат жыйыны учурунда 2-6-класстардын окуучуларын мектепке кайтаруу чечимине эмне себеп болгонун түшүндүрдү.

«Билим берүү министрлиги менен алгоритм иштеп чыктык, ага ылайык, окуучулардын бир бөлүгү оффлайн билим берүүгө кайтат. Жаңы окуу жылы башталгандан бери 100 миңден ашуун 1-класстын окуучулары мектепке барууда. Бул аралыкта мектепте COVID-19ду жуктуруп алган учур катталган жок. Балдардын жаш курагы иликтенип, 2-6-класстын окуучуларын мектепке кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алдык.

Ал өлкөдө Кавасаки синдрому катталбаганын, бирок аны дарылоо ыкмаксы протоколго киргизилгенин да кошумчалады. Аткаминердин билдиришинче, Кавасаки синдрому инфекциялык оору эмес жана ал баладан балага жукпайт.

Саламаттык сактоо министрлиги балдар арасында коронавирустун жайылып кетүү ыктымалдыгын эске алуу менен ооруканаларда кошумча орундар даярдалганын белгилейт.

Өлкөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу 16-марттан баштап окуу жайларда карантин жарыяланып, студенттер менен окуучулар онлайн билим ала башташкан. Сентябрда 1-класстын окуучулары гана мектепке барышкан.

5-октябрда шайлоодон кийин мектептер толук дезинфекция болуп, 6-октябрдан тарта 2-6-класстын окуучулары да окуй баштайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>