Жаңы окуу жылынын биринчи чейреги аралыктан окутулат

Жаңы окуу жылынын биринчи чейреги аралыктан окутулат

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жаңы окуужылынын биринчи чейректеги окуу процесси аралыктан жүргүзүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Министрликтин маалыматына караганда, окуу процессин аралыктан уюштуруу үчүн даярдыктар көрүлүп жатат.

“Эгер айрым аймактарда коронавирус илдетинин жайылышы кооптуу эмес деген санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын чечими чыкса, анда ал региондогу мектептерде окуу процесси дагы өзүнчө каралат. Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги мектеп мугалимдерин, окуучуларды ата-энелерди азыртан дистанттык билим берүү процессине даярдана берүүсүн максатка ылайыктуу деп эсептейт. Кырдаал жакшы жагына өзгөрүүсү менен окуучулар мектепке реалдуу режимде окууга келишет”, – деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле тажрыйбалуу методисттерден, педагогдордон жана эксперттерден турган команда теле сабактардын мазмунун, жадыбалын, өткөн практиканы карап чыгып, аларды тартууга киришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>