Жаңы шайланган төрага Канатбек Исаевдин өмүр баяны

Жаңы шайланган төрага Канатбек Исаевдин өмүр баяны

1975- жылы Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кошой айылында туулган. 1996- жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эсеп- коммерция факультетин, 2016-жылы Улуттук университеттин юридикалык факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун фискалдык органдарда иштөөдөн баштап, 2001-жылга чейин  Мамлекеттик салык кызматында эмгектенген.

2002-жылдан баштап 2005-жылга чейин «Тынай-Ата» биргелешкен дыйкан чарбасын жетектеген. 2005-жылы финансы министрлигинде эмгектенген.

2006-2008 жылдары «Кыргызгаз» акционердик коомунун Чүй башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, кийин жетекчи кызматтарын аркалаган.

2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болгон. 2010-жылы V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2010-жылдын декабрынан баштап 2012-жылдын июнь айына чейин «Республика» депутаттык фракциясынын жетекчиси кызматын аркалаган жана Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициянын төрагасы болуп шайланган.

2013-2015-жылдары Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенген.

2015- жылдын июль айынан тартып «Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы болуп шайланган.

2017-жылы массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыпталып, УКМК тарабынан кармалып, кийин үй камагына чыккан.

2020-жылдын июнь айында Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери болуп шайланган.

2020-жылдын 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” саясий партиясын шайлоого баштап барган.

2020-жылдын 13-октябында өткөн Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйында депутаттын 78 добушу парламенттин төрагасы болуп шайланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>