Жаңы тартылган “Акыркы көч” тасмасы Таллиндеги эл аралык сынакка катышат

Жаңы тартылган “Акыркы көч” тасмасы Таллиндеги эл аралык сынакка катышат

Режиссёрлер Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун жаңы тартылган “Акыркы көч” тасмасы “Темные Ночи” PÖFF Таллин Кинофестивалынын сынактык программасына катышат. Бул тууралуу маалымат, маданият жана туризм министрлигинен билдиришти.

Таллин кинофестивалы — Канн, Берлин, Венеция жана башка алдыңкы дүйнөлүк кинофестивалдар сыяктуу  “А” класстагы элиталык категорияга кирет. Фестиваль салттуу форматта 2020 –жылдын 18-19-ноябрь күндөрү Эстонияда өтөт.

“Акыркы көч” көркөм тасмасын Төлөмүш Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы менен “Билимкана” коомдук фонду биргеликте өндүргөн. Тасманын сценарийинин  автору жана режиссеру Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу, ал эми продюссер катары Эльнура Осмоналиева катышкан. Тасмага Марат Алышпаев,  Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыктуу белгилүү актерлер тартылган.

Режиссёрлордун бири Дастан Жапар уулу: “Биз, “Темные Ночи”. сыяктуу абройлуу кинофестивалдын конкурстук программасына киргенибизге абдан кубанычтабыз.  Быйыл пандемияга байланыштуу 5 ири фестиваль иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартышты. Ошондуктан, тасмалар көп болду, ошого жараша ири фестивалдардын сынактык программасына катышуу үчүн атаандаштык да бир топ болду”,- деп билдирген.

1997-жылы башталган Таллиндин “Темные Ночи”» кинофестивалы 1000ден ашуун конокторду, делегаттарды жана 160тан ашуун журналисттерди кабыл алган Түндүк Европанын эң ири кинофестивалдарынын бирине айланды.

Фестивалда 250гө жакын толук метраждуу, 300дөн ашык кыска метраждуу жана анимациялык тасмалар көрсөтүлөт жана ага жыл сайын 80 миңге жакын адам катышат.

2011-жылы «Темные ночи» кинофестивалы FIAPF тарабынан таанылып, 2014-жылы «А» классына көтөрүлгөн. Ал Түндүк Европадагы биринчи аккредитацияланган кинофестивалга айланып, буга чейинки белгилүү болгон  14 ири дүйнөлүк фестивалдардын катарына  кошулган.[su_image_carousel source=»media: 45643,45644,45645,45646,45647,45648,45649″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>