Жаңы Зеландияда мечитке кол салган адам өмүр бою эркинен ажыратылды

Жаңы Зеландияда мечитке кол салган адам өмүр бою эркинен ажыратылды

Жаңы Зеландияда сот 2019-жылы Крайстчерч шаарындагы эки мечитке кол салган австралиялык Брентон Таррантты өмүр бою эркинен ажыратты. Анда 51 киши каза болуп, 40ка жакын адам жаракат алган.

Бул Жаңы Зеландиянын тарыхында соттолуучуга мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгуу укугу берилбеген эң катаал өкүм болуп калды.

2019-жылы 15-мартта Крайстчөрч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде жума намаз окулуп жатканда автоматчан адам ок жаадырып кирип барган. Бул учурда мечиттерде 300 адам болгон. Окуяга шектүү катары Австралиянын жараны Брентон Таррант кармалган. Сотто ал киши өлтүрүү, киши өлтүрүүгө аракет кылуу жана террордук акт боюнча коюлган күнөөлөрдү мойнуна алды.

Ал ортодо Жаңы Зеландияда Таррантты жаза мөөнөтүн өтөө үчүн мекени Австралияга жөнөтүү чакырыктары айтылууда. Жергиликтүү басылмалар аны абакта кармап туруу үчүн жылына бир миллион АКШ доллары кетерин жазышты. Өз кезегинде Австралиянын бийлиги Тарранттын өлкөгө кайтып келишин каалабай турганын билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>