Жаңы жыл түнү Чүйдө 15 адам тамакка уланып ооруканага түштү 

Жаңы жыл түнү Чүйдө 15 адам тамакка уланып ооруканага түштү 

Чүй облусунун Жайыл районунда 15 адам тамакка уланып ооруканага түштү. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, окуя 31-декабрда Жайыл районунун Алексеевка айылында болгон.

Тамактан уулангандар бир үйдө майрам тосуп отурушкан. Алардын ичинен 12 адам конок, калгандары үй-бүлө мүчөлөрү болгон.

Жабыркагандар дароо ооруканага кайрылып, аларга инфекциялык жана жандандыруу бөлүмүндө медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда ууланунун себептери такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>