Site icon Reporter.kg

Жаңы жыл түнү жоголгон 12 бала ата-энесине кайтарылды

1-январга караган түнү Бишкектин борбордук аянтында Жаңы жылды майрамдоо учурунда 12 бала жоголуп кеткен.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, тартип сакчылары жоголгон балдарды таап, ата-энелерине өткөрүп беришкен.

Шаардык милициядан кошумчалагандай, Жаңы жылды майрамдоо түнү Бишкекте коомдук тартипти 2500 милиция кызматкери көзөмөлдөгөн.

Exit mobile version