Жаңы жылдан кийин кыргызстандыктар 7 күн эс алышат

Жаңы жылдан кийин кыргызстандыктар 7 күн эс алышат

2020-жылга карата Өкмөт эс алуу күндөрүнүн токтом долбоорун даярдап чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик бюджеттен каржыланып, 5 күндүк иш күн менен иштеген мекеме-ишканаларда:

23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнү эс алуу күнүнө (жекшемби) туш келгендиктен 24-февраль дагы эс алуу күнү болот. Бул күн 2-январдагы жумуш күнүнө которулат;

 8-март — Айымдардын эл аралык күнү эс алуу күнүнө (жекшемби) туш келгендиктен, 9-марттагы эс алуу күнү 3-январдагы жумуш күнүнө которулат;

21-март — Нооруз майрамы ишембиге туш келип, 23-марттагы эс алуу күнү 6-январдагы жумуш күнүнө жылдырылат;

9-май — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү ишембиге туш келип, 11-майдагы эс алуу күнү 4-майга жылат.

Ошондой эле 2020-жылдын 1-январынан тарта 7-январга чейинки, май айындагы майрамдарга карата 1-майдан тарта 5-майга чейинки убакытты эс алуу күнү кылуу сунушталууда.

Учурда бул токтом министрлик жана ведомстволордун жетекчилери менен макулдашуу этабында.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>