Жаңы жылдан тарта электрондук тамекилерге салык алына баштайт

Жаңы жылдан тарта электрондук тамекилерге салык алына баштайт

2020-жылдын 1-январынан тартып электрондук тамекилерге салык алына баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мындай товар өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар 1-январдан баштап 1 килограмм ысытылган тамекиси бар буюмдарга — 610 сом, электрондук сигареттерди пайдалануу үчүн 1 миллилитр никотин камтыган суюктуктарга — 1 сом төлөшөт.

2021-жылдын ичинде ысытылуучу тамекинин 1 килограммы үчүн акциз салыгынын ставкасы 700 сом, электрондук сигареттерди пайдалануу үчүн 1 миллилитр никотин камтыган суюктук үчүн 1,25 сом өлчөмүндө белгиленет. Ал эми 2022-жылдын 1-январынан тартып тиешелүү түрдө 800 сом жана 1,5 сом болот.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2019-жылдын 14-июнундагы “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык ысытылган тамекиси бар буюмдар жана никотин камтылган суюктуктар товарлардын акцизделчү тобуна киргизилди. Үстүбуздөгү жылдын 1-июлунан тартып 31-декабрына чейин жогоруда көрсөтүлгөн товарларга акциз салыгы 0 сомду түзгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>