Жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу тартип кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп башташты

Жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу тартип кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп башташты

Бүгүн, 28-декабрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин гарнизондук саптык кароосу өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы жыл алдында Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүүдө. Өзгөчө мааниге ээ болгон, стратегиялык жана өзгөчө кайтарууга ала турган жайлар, жашоо тиричиликти камсыз кылуучу объектилер күчөтүлгөн кайтарууга алынат. Жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу 30-декабрдан баштап ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштешет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>